Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:38

Акимдерди шайлоодогу жаңжалдар териштирилет


Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитети 14-февралда акимдерди шайлоого байланыштуу кырдаалды талкуулады. Комитет жетекчиси Эркинбек Алымбеков мыйзам бузулду деген фактыларды тыкыр иликтеп чыгууну тартип коргоо органдарына тапшырды. Бул үчүн 10 күндүк мөөнөт берилди.

Ушул айда Кыргызстандын дээрлик бардык райондорунун акимдерин шайлоо өттү. Айрым жерлерде нааразылык акциялар менен коштолду. Сокулук районунун акими 14-февралда кызматынан баш тартканы маалым болду. (EBM)

XS
SM
MD
LG