Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:22

Бакай-Ата: Жаңы акимдин тарапкерлери митингге чыгышты


Ушу тапта Талас облустук мамлекеттик администрациясынын алдында 200дөй киши чогулуп турат. Алар Бакай-Ата районунун жаңы акими Урмат Тынысовго мурдагы аким Мурат Жунусовдун тарапкерлери тынчтык бербей, иштетпей жатканына нааразы экенин айтышууда. Губернатор түзүлгөн кырдаал боюнча калыс сөзүн айтышы керек деп талап кылып жатышканын "Азаттыкка" митингдин катышуучусу Будашбек Эшеналиев билдирди. Талабы аткарылбаса, дүйшөмбү күнү көп эл чогултуп, нааразылык акция уюштурмай болушууда.

Кыргызстанда бийликке жаңы өкмөт келгенден кийин ар бир райондо кайрадан аким шайлоо болду. Бирок бул өнөктүк көптөгөн мыйзам бузуулар, коркутуулар менен коштолгонун айткан митингдер өттү.

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов эгер аким шайлоодогу мыйзам бузуулар далилденсе, райкеңеш да, ал шайлаган жаңы аким да жоопко тартылаарын айткан. (MbA/RK)

XS
SM
MD
LG