Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:42

Сымаптын зыян-пайдасы талкууланат


Бишкекте бүгүн сымап жана сымап кошулуп жасалган буюм-тайымдарды колдонуудагы коопсуздук боюнча талкуу өтөт. Иш-чараны “Көз каранды эмес экологиялык экспертиза” коомдук уюму уюштуруп жатат.

Экологдордун айтымында, курамында сымап бар тиричилик буюмдары колдонууда коопсуздук сакталбай, ылганбай таштандыларга түшүп жатат. Натыйжада адам өмүрүнө, курчап турган чөйрөгө коркунуч туулууда. Жыйында ошондой эле Айдаркен сымап комбинатынын ишине байланыштуу экологиялык жана экономикалык коркунучтар боюнча да сөз болот.

Сымап уулуу зат болуп эсептелет. Дүйнөлүк тажрыйбада сымап өндүрүүдө экологиялык жана санитардык-гигиеналык көзөмөл катуу сакталат. (EBM)

XS
SM
MD
LG