Ош облусунун Алай районундагы Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолунда тазалоо иштери бүгүн да уланууда. Кечээ кечки сегиздерде жол бир тарапка ачылган болчу.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, мурдагы түнү унаа жолдун Тоң-Мурун ашуусундагы 218-227-чакырымдарында катуу бороондун кесепетинен жол убактылуу жабылган. (RK)