Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:15

Ошто президенттин жолун торойм дегендер тарап кетишти


Ошто иш сапарда жүргөн президент Алмазбек Атамбаев менен жолугууну талап кылган эки жүздөн ашуун киши тарап кетти. Алар менен шаар мэри Мелис Мырзакматов сүйлөшүп, балким түштөн кийин президент менен жолугушуу уюштурулаарын айтты.

Оштон жана Алай районунан келген эки жүздөй киши 5-февралда каза болгон 23 жаштагы Эрнис Машрапов аттуу жигиттин өлүмүнө тиешеси барларды өлүм жазасына тартуу талабын коюп жатышат. Оштогу кабарчыбыздын билдиргенине караганда, митингчилер "бул окуя улут аралык мүнөзгө ээ, себеби өлгөн жигит кыргыз, ал эми күнөөлүү тарап өзбек" деп жатышат.

"Азаттыкка" маалым болгондой, Машраповдун өлүмү боюнча шектүү деп эки киши кармалган. Алардын бири кыргыз, бири тажик улутундагылар. (ErN/RK)

XS
SM
MD
LG