Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:03

MegaCom башчысынын адвокатынын өтүнүчүн сот колдогон жок


MegaCom уюлдук компаниясынын башкы директору Азамат Мурзалиевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлбөйт. Мындай чечим бүгүн Бишкек шаардык сотунда кабыл алынганын "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. Буга чейин Биринчи Май райондук соту Мурзалиевди жана анын жумуш боюнча кеңешчиси Алмаз Абеков менен "Новострой сервис" компаниясынын жетекчиси Аман уулу Кенжебекти 1-февралдан 31-мартка чейин тергөө абагында кармоо чечимин кабыл алган. Үчөө тең Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында жатышат. Алар коррупция жолу менен мамлекетке 142 миллион сом зыян келтирди деп айыпталууда.

MegaCom компаниясынын маалымат кызматынан билдиришкендей, Азамат Мурзалиев келгенден бери киреше өсүп, мамлекетке төккөн акчанын суммасы да көбөйгөн. Каржы, чарбалык иштерди эл аралык аудитордук компаниялар текшерип турат. (RK)

XS
SM
MD
LG