Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:12

Швецияда кар туткунунда калган киши 2 айдан кийин куткарылды


Жергиликтүү гезиттердин маалыматына ылайык, анын машинеси 19-декабрда кар алдында калган. Абанын температурасы нөлдөн төмөн болуп жатканы менен ал атайын капта уктап, кар жеп аман калган. Машинени жанына өтүп бараткандар кокусунан байкап калышкан. Өткөн апталарда Швециянын түндүгүндө абанын температурасы минус 30га чейин ылдыйлап жатты. Куткарылган адам азыр Умеа шаарындагы ооруканага жеткирилди. Анын абалы салыштырмалуу жакшы деп бааланууда.

XS
SM
MD
LG