Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:24

Аба ырайы: 20-февралда кар жаайт


Кыргызстанда 20-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9, айрым жерлерде 14, ал эми Ысык-Көлдө 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 0...+5, Талас облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 0...+5, Баткенде түнкүсүн 0...-5, күндүз 1...6 градус жылуу болот. Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 1...6, Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...-9 градус, күндүз 0...+5, Нарында түнкүсүн -13...-18, күндүз -3...-8, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -18...-23, күндүз -8...-13, тоолордо түнкүсүн -19...-24, ал эми күндүз -8..-13 болот.

Бишкекте кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 2...4 градус суук, күндүзгү жогорку температурасы 1…3 градус жылуу болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG