Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:22

Жалал-Абад облусунда жер титиреди


Бүгүн эртең мененки саат 8:23тө Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаары жакта 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун жетекчиси Канатбек Абдрахматов билдирди. Силкинүүнүн күчү Көк-Жаңгакта 4 балл, Жалал-Абад, Кара-Көлдө жана Майлуу-Суунун өзүндө 3 балл болду. Адам өмүрүнө залака келгени же кыйроолор жөнүндө маалымат жок. Абдрахматовдун айтымында, бул сыяктуу "салыштырмалуу орточо" жер титирөөлөр аталган аймакта жылына 20-25 жолу болуп турат. Бишкекте жердин титиреши сезилген жок. Майлуу-Суу менен Бишкектин ортосундагы аралык 550 чакырым түзөт. (RK)

XS
SM
MD
LG