Ооганстанда акыркы күндөрдөгү катуу аяздан 41 киши каза тапты. Саламаттыкты сактоо министрлигинин кабарлашынча, алардын үчөөcү же төртөөсү жаш балдар. Набыт болгондордун 24ү уруштан улам өз там-жайларын таштап келип, Кабылдагы качкындар лагеринде жашап жаткан. Бийликтер үшүккө алдырган адамдарга тез жардам көрсөтүү үчүн көчмө клиникаларды уюштурганга аракет кылууда.