Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:52

Сирияда армия Хомсту аткылоону улантты


Активисттердин эсебинде, оппозициянын таянычы болгон Хомс шаарын аткылоодо бүгүн аз дегенде жети киши окко учуп, андан көп сандагы адам жараат алды. Активисттер Хомстун айланасында танктарды жайгаштырып, күч топтоп жаткан армия шаарга чабуул жасашы мүмкүн экендигин айтышууда. 18 күндөн бери курчоодо турган Хомстун Баба Амро ооданынан тургундар качып жатышкандыгы кабарланууда. Бул маалыматтарды көз карандысыз булактан ырастоо мүмкүн эмес, себеби өлкөдө козголоң башталган дээрлик бир жылдан бери чет элдик медияга тыюу салган. jch

XS
SM
MD
LG