Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Мамытов: Fergana.ru сайты боюнча чечимди кайра кароого даярбыз


Кыргыз парламенти Fergana.ru сайты боюнча чечимди кайра карап чыгууга макул. Бул тууралуу 22-февралда "Азаттыкка" Жогорку Кеңештин коопсуздук жана коргонуу комитетинин төрагасы Токон Мамытов билдирди.

"Эгер өкмөт сегиз айдан бери кырдаал өзгөрдү, ал сайтта кыргыз мамлекетин, элин бөлүп-жарууга багытталган саясат жок десе, биз кайра карап берүүгө даярбыз", - деди Мамытов.

2010-жылдын июн окуясын иликтеген парламенттик комиссиянын жыйынтык маалыматын талкуулоо учурунда бир катар депутаттар Fergana.ru сайтын улут аралык араздашууга түрткү болуп жатканын айыптап, аны Кыргызстанда жабуу сунушун айтышкан. Өкмөткө тиешелүү тапшырма берилген. Бирок сегиз ай мурда берилген тапшырма кечээ, 21-февралда гана аткарылды. "Кыргызтелеком" аркылуу интернетке чыккан окурмандар үчүн бул сайт жабылганы айтылууда. Башка провайдерлер аркылуу интернетке киргендер "Фергананы" мурдагыдай эле ачып, окуп жатышат.(KE/RK)

XS
SM
MD
LG