Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:51

МАГАТЭ Ирандагы соңку визитине канааттанган жок


МАГАТЭнин баш катчысы Юкиа Амано
МАГАТЭнин баш катчысы Юкиа Амано
Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин башчысы Юкия Амано уюмдун эксперттеринин соңку визитинен кийинки билдирүүсүндө Ирандын өзөктүк программасына байланышкан суроолорду такташуу боюнча макулдашуу жетишилбегендигин белгиледи.

Анын айтымында, Тегеран эксперттердин Парчин аскерий комплексине күрүүсүнө жол бербеген. Ал жер Ирандын өзөктүк курал программасына тиешеси бар деп шектелип жаткан.

Ирандын МАГАТЭдеги өкүлү Али Асгар Солтаниенин жергиликтүү ИСНА жаңылыктар агенттигине айтканына караганда, Тегеран МАГАТЭ менен дагы сүйлөшүүлөр улантыларын күтүүдө. Бирок МАГАТЭ алдыда эч кандай сүйлөшүүлөр мерчемделбегенин билдирип жатат.

Уюмдун эксперттери Тегеранда соңку бир айга жетпеген убакыт ичинде ушуну менен экинчи ирет болушту. Алардын бул жолку сапарына тушташ Иран өлкөнүн түштүгүндө, Бушер атомдук электр станциясына жакын жерде абадан коргонуу боюнча төрт күндүк машыгуу баштаган. Иран адатта мындай машыгууларды адатта Батыш менен мамилеси курчуган кезде өткөрөт.

Батыш Иран өзөктүк программасына жамынып алып, өзөктүк курал жасайт деп шектенсе, Тегеран программасы тынчтык максатты гана көздөрүн ырастап келет.
(UE)

XS
SM
MD
LG