Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:52

Сирияда батыштык эки журналисттин өмүрү кыйылды


Сирияда мерт болгон Мэри Колвин жана Реми Очлик.
Сирияда мерт болгон Мэри Колвин жана Реми Очлик.
Сириялык оппозиция активисттеринин билдиргенине караганда, өкмөттүк күчтөрдүн шейшембиден берки жаңы чабуулдарынан набы болгон 100дөй адамдын көпчүлүгү Хомс жана Идлиб провинциясынын тургундары.

Хомсто набыт болгондордун арасында батыштык эки журналист да бар.

Оппозиция активисттери аларды Британиянын “Санди Таймс” гезити үчүн иштеген америкалык Мэри Колвин жана француз фотосүрөтчүсү Реми Очлик деп аташты.

Күбөлөрдүн айтымында, камалоодо калган Хомс шаарынын Баба Амр районунда утурумдук медиа борборго айландырылган жайды өкмөттүк күчтөр артиллериядан аткыланган.

Качууга аракеттенген журналисттер ракеталык аткылоодон мерт кеткен. Алардын тышкары батыштык дагы үч журналист жарадар болгону кабарланды. “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун өкүлү Суиси Долли (Soazig Dollet) бүгүн Парижден "Рейтердин" кабарчысы менен маегинде буларды белгиледи:

-Алар турган имарат атайлап бутага алынганбы, же жокпу, биз алигиче билбейбиз. Биз муну азыр иликтеп жатабыз.

Британияда жайгашкан уюм - Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын бүгүнкү маалыматына караганда, президент Башар Асаддын режимине каршы былтыр мартта башталган козголоңдон бери Сирияда 7600дөй кшинин өмүрү кыйылды. Алардын 5500дөн ашууну жөн-жай тургундар, 400 чактысы козголоңчул согушкерлер, 1700сү армия менен полициянын өкүлдөрү.

Сирия режими чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын кабарчыларынын өлкөдө эркин иштөөсүнө тыюу салгандыктан бул маалыматтарды көз карандысыз булактар аркылуу тактоо мүмкүн эмес. (UE)

XS
SM
MD
LG