Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:26

Пирматовдон кол тийбестикти алуу маселеси боюнча комиссия түзүлдү


Жогорку Кеңештин 22-февралдагы жыйынында депутат Исхак Пирматовдун депутаттык кол тийбестигин алып салуу маселеси боюнча 10 кишиден депутаттык комиссия түзүлдү. Ал Башкы прокуратуранын сунушуна байланыштуу материалдарды иликтеп чыгып, Жогорку Кеңешке өз корутундусун берүүгө тийиш. Комиссия курамына ар бир фракциядан экиден депутат кирди. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Башкы прокуратура “Республика” фракциясынан депутаты Исхак Пирматовду тергөө ишине тартууга уруксат берүүсүн өтүнүп, 21-февралда Жогорку Кеңешке кат менен кайрылган. Башкы прокуратуранын билдиргенине караганда, депутат 2008-2010-жылдары “Кыргызмунайгазды” жетектеп турганда ишканага каржылык зыян келтирген деп шектелүүдө. Бирок Пирматов өзүнүн бул иште эч кандай күнөөсү жоктугун билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG