Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:24

Пхеньяндын атомдук программасы талкууланат


Кошмо Штаттары жана Түндүк Кореянын расмий өкүлдөрү Пхеньяндын атомдук программасын талкуулоо үчүн жолугушту. Бул – Түндүк Кореянын лидерлигине Ким Чен Ирдин уулу Ким Чен Ын келгенден кийинки алгачкы кездешүү болду. Бээжинде өткөн сүйлөшүүлөргө АКШнын чабарманы Глин Дэвис жана Түндүк Кореянын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Ким Ке Кван катышты.

Өткөн жылкы июль айынан бери эки өлкөнүн дипломаттары сүйлөшүүлөрдүн 2 айлампасын өткөрүштү. Дэвис ушу тапта Пхеньяндын жаңы жетекчилиги кандай саясатты карманаарын билип алуу зарыл деп билдирди.

Вашингтон Түндүк Кореяны алты тараптуу сүйлөшүүлөргө кайтарууну максат кылат. 2009-жылы диалогдон баш тарткан Пхеньян кийин ядролук сыноо өткөргөн.

XS
SM
MD
LG