Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

ВИЧтин алдын алуу жолдору каралат


Бүгүн Бишкекте “Сапаттуу саламаттыкты сактоо” деген аталышта аймактар аралык жыйын өтөт. Анда ВИЧтин алдын алуу, метадон менен дарылоо маселеси талкууланат. Ага Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан, Германия жана АКШ эксперттери катышмакчы.

Уюштуруучулардын белгилешинче, метадон колдонуу Борбор Азияда кеңири тараган эмес. Бирок Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул ыкманы колдойт. Маалыматка ылайык, Кыргызстанда ВИЧке чалдыккандардын 60% ийне аркылуу жуктуруп алгандар.

Метадон терапиясы атайын дары берип, баңгилерди маңзаттан кутултуу үчүн жасалып жатканы айтылып келет. Ага донорлордон көп каражат убактылуу негизде берилүүдө.

Метадон терапиясы тиешелүү талапта жүргүзүлбөгөндүктөн, көптөгөн баңгилер бул адатынан кутулмак түгүл, андан да оор абалга туш болуп жаткандыгын да айтышууда. Бул боюнча кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров "Тузак" атуу документалдуу тасма тарткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG