Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:19

Тунисте “Сириянын достору” аттуу конференция ачылууда


Ага 70тей Батыш жана Арап өлкөлөрүнүн расмий өкүлдөрү чогулууда. Алдын-ала таратылган кабарга караганда Тунисте ачылып жаткан жыйында Сириянын президенти Башар Асадга ок атууну эч шартсыз токтотуп, Хомс шаарында жана башка жерлерде кыйналган элге эң зарыл нерселерди жеткирүүгө жол ачуу талабы коюлат.

Тунис Сирияда 11 айга созулуп кеткен кризисти жөнгө салуу максатында президент Асадды бийликтен кетирип, өлкөгө бейпилдик күчтөрүн киргизүүнү сунуш кылат деп күтүлүүдө. Жергиликтүү байкоочулар бейшембидеги коогалаңдарда Хомсто 13 киши, башка жерлерде дагы 30дан ашуун адам өлгөнүн кабарлашты.

XS
SM
MD
LG