Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:46

"Ажырашуу" чет өлкөдө тартылган мыкты фильм катары "Оскарды" алды


"Ажырашуу" буга чейин бир топ эл аралык сыйлыктарды багындырган
"Ажырашуу" буга чейин бир топ эл аралык сыйлыктарды багындырган
Лос-Анжелесте ушул сааттарда Американын киноакадемиясынын “Оскар” сыйлыгы тапшырылып жатат. Дүйнөдөгү кино жаатындагы мыктыларды аныктаган бул сынак быйыл 84-жолу өтүүдө. Аны тогузунчу жолу алып баруучу катары комик Билли Кристал ачты.

“Оскардын” быйылкы алгачкы жеңүүчүлөрүнүн ысмы белгилүү болду. "Чет өлкөдө тартылган мыкты тасма" деп ирандык кинорежиссер Ашгар Фархадинин "Ажырашуу" деген тасмасы табылды. Ал буга чейин "Берлиналени", быйыл "Алтын глобусту" да уткан болчу.

Мартин Скорсезенин “Хьюго” тасмасы "мыкты оператордук иш" жана "көркөмдүк жасалга" үчүн сыйлыктарды багындырды.

Актриса Мэрил Стрип катышкан "Темир айым" тасмасы "эң мыкты грим" деген номинацияда жеңди. Актриса өзү "жылдын актрисасы" деген сыйлык үчүн ат салышууда.

Ак-кара лентага тартылган "Артист" деген үнсүз фильм болсо "мыкты костьюм" үчүн "Оскар" алды.

Негизги сыйлыктар эми жарыяланат.

XS
SM
MD
LG