Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:53

“Ош шамы” гезити коркутууга кабылганын билдирүүдө


“Ош шамы” гезитине коркутуу маанайындагы телефон чалуулар болуп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” басылманын башкы редактору Тургунбай Алдакулов билдирип, мындай чалуулар өткөн жумада бир канча жолу болгонун белгиледи. Анын айтымында, мындай аракет шаардык кеңешке ат салышып жаткан айрым партиялардын өкүлдөрү тарабынан жасалууда. Бирок Алдакулов кайсы партиядан экендигин ачыктаган жок.

- Бул коркутуу түздөн түз шайлоого байланыштуу. Биздин редакция бардык талапкерлер менен иштешүүгө даяр. Кай бир атаандашы жөнүндө жазылган үгүт макалага нааразы болуп, телефон чалууну туура эмес деп эсептейбиз, - дейт Алдакулов.

Редакциянын жамааты бул боюнча укук коргоо органдарына кайрыла элек.

Эки жыл мурун аталган редакцияга белгисиз кишилер коркутуу маанайында жазылган кат менен кошо ок салынган конверт таштап кетишкени белгилүү. (SE)

XS
SM
MD
LG