Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:36

Ош шаарында шайлоочулардын тизмеси такталып бүттү


Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын Оштогу атайын өкүлү Расулбек Кадыров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Ош шаары боюнча шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн 123 миң 361 адам тизмеге киргизилди. Тизмеде жок адамдардан арыздар 23-февралга чейин кабыл алынган болчу.

Ош шаардык кеңешинин 45 депутаттык орун үчүн 600дөн ашык талапкер ат салышууда. Алардын ичинде жалпы жети саясий партиянын талапкерлери бар. 4-мартта Кыргызстандын бир катар аймактарында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG