Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:13

Мырзакматов: Административдик ресурс колдонулууда


Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов билдирүү таратып, шаардык кеңешке депутаттарды шайлоодо айрым партиялар административдик ресурс колдонуп жатканын белгиледи. Бул маалыматты шаардык мэриянын басма сөз кызматты "Азаттыкка" тастыктады. Ага ылайык, мэр Мелис Мырзакматов КСДП партиясы тарабынан шайлочуларга басым жасалган учурлар бар экенин айтып, бул аракет коомдук кырдаалдын курчушуна алып келерин эскерткен. Өз кезегинде Социал-демократтар партиясынын өкүлдөрү бул сындарды четке кагып, мындай билдирүүнүн негизсиздигин “Азаттыкка” кабарлашты. 4-мартта Кыргызстандын бир катар аймактарында жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өтөт. (KKs)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG