Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

Ош аба майданы: доомат көп, иш татаал


Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Ош, Бишкек аэропортторундагы бажы, ИИМ жана чек ара кызматтарынын жетекчилиги менен жеке курамын 10 күн ичинде алмаштыруу тапшырмасын берди.

Мындай чечим бул кызматтарга болгон элдин арызданууларынан чыккан. Жүргүнчүлөрдүн айтымында, аба майданында тартип сакчылары алардан себепсиз акча талап кылган учурлары бар. Бирок аэропорт жетекчилиги жана аталган кызматтардын өкүлдөрү мындай маалыматтарды четке кагууда.

Ош жана Бишкек аба майдандарындагы тартип сактоо кызматкерлерин алмаштыруу өкмөт тарабынан айтылган менен иш жүзүндө азырынча баштала элек. Эл аралык Ош аэропортунун директору Орозбек Калдаровдун айтымында, учурдагы кызматкерлер деле жаман иштеп жаткан жок:

- Биздеги милиция, чек ара жана бажы кызматы деле жакшы иштеп жатат. Аларды алмаштыруу зарылчылыгы канчалык деңгээлде экенин билбейм. Мурда анча-мынча болушу мүмкүн эле, бирок азыр коррупциялык көрүнүштөр жокко эсе. Таптакыр таза дей албайм, бирок "малынып калды" деген сөз жалган. Ошентсе да эгер жаңы дайындалып келсе, алар менен да иштешип көрөбүз.

Калдаров ошондой эле жүргүнчүлөр тарабынан арыз-даттануулар түшүнбөстүктөн улам орун ала тургандыгын кошумчалады:

- Арыз-даттануулар жок эмес. Бирок каттоо учурунда, же башка учурларда кичине бир нерсе болсо эле ката издеген адамдар да бар. Кээде өздөрү деле документтерин туура эмес алып келип, анысын айтса, "булар акча талап кылып атышат" деп кыйкыргандар толтура. Ошондой түшүнбөгөн жүргүнчүлөрдүн айынан аэропорттун жамаатынын бетине толугу менен көө жабылып калбашы керек.

Ош аэропортунда учурда 20 милиция, 7 бажы кызматкери жана 16 чек ара кызматкери кезек-кезек менен иштейт. Аба рейстери көп болгон күндөрү аларга кошумча кызматкерлер да тартылат.

"Ош аэропорту" чек ара көзөмөл бөлүмүнүн жетекчи орун басары Марс Сейдакматов "Азаттыкка" мындай деди:

- Биз чек арадан өтүп жаткан кишилердин паспортторун текшеребиз. Ошондой эле зарылчылык туулса, алардын жүктөрүн да бир сыйра кароодон өткөрөбүз. Ал көбүнчө жалпы шартта эмес, жеке шартта аткарылат. Анан бул жерде эч ким, эч кимден акча албайт. Пара алууга шарт да жок. Эгер кокустан бирөө жарымдан кайсы бир кызматкер акча талап кылган учур болсо, бизде ал тууралуу маалыматтар жок. Бул жөнүндө бизге эч ким арызданып да келген эмес.

Деген менен жүргүнчүлөр аэропорттогу коррупциялык көрүнүштөр дагы деле азайбай келе жатканын белгилешүүдө. Өзүн Жакып Абдыманап уулу деп тааныштырган шаар тургуну буларга токтолду:

- Аэропортто чек арадан өтүп аткан кезде жок эле бир нерселерди сурай беришет. Мисалы, "аскердик аныктамаң жок экен, соттолгон эмес деген тактамаң жок экен" деген сыяктуу. Анан малга жасагандай, өтө орой, олдоксон мамиле жасашат. Айрыкча, Орусиядан келаткан мезгилде сумкаларыңды текшерип, бир нерсе үмтөтүшөт. Кээде ачык эле айтып, "бизге бир нерсе ала келдиңби? Же бир нерсе таштап өтчү" дешет. Биз аларга алып келүүгө милдеттүү болгонсуп, уялбай ушинтип айтышат. Эптеп бир проблема табышат да, акча алышат.

Башка бир жүргүнчү Курманбек Сооронов аба майданында иштеген бажы, чек ара жана милиция кызматкерлерин алмаштыруу менен гана маселе чечиле тургандыгына ишенбейт. Анын пикиринче, системанын өзүн иретке келтирмейин, коррупция дагы деле улана берет:

- Орусияга учуп кетип атсаң текшербейт, учуп келе жатканыңда ал жактан баңгизат ташып келе жаткансып текшеришет. Сумканын түбүнө чейин колдорун тыккылап карашат. Өзүңдүн жериңде ушундай мамилеге кабылып жатканыңа бир чети арданып кетесиң. Ээми ал кызматкерлерди алмаштырып коюу менен эле маселе чечилбейт. Кийинки келгендери деле ошолордун эле кылгандарын кайталайт. Аларды тазалоо үчүн түпкү системанын өзүн, чоңдорун тазалаш керек.

Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов Ош, Бишкек аэропортторундагы бажы, ИИМ жана чек ара кызматтарынын жетекчилиги менен жеке курамын 10 күн ичинде алмаштыруу тапшырмасын күч органдары менен болгон жыйында айткан. Мындай чечимди ал кызматтардын коррупцияга батып калгандыгы менен түшүндүргөн.

Бабанов ошондой эле жаңы дайындалган кызматкерлер паракорчулукту 1 айдын ичинде жок кыла албаса, алар да кызматынан токтоосуз бошотула тургандыгын белгилеген.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG