Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:32

Ош шаарында көчмө добуш берүү уланууда


Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрайымы Саадат Маматалиеванын “Азаттыктын” кабарчысына билдиришинче, 1078 шайлоочу көчмө добуш берүүгө катышуу боюнча арыз берген. Булардын көпчүлүгү ден соолугуна байланыштуу добушканаларга бара албагандар. Учурда алардын көчмө добуш берип жатышат.

Маматалиеванын айтымында, жалысынан Ош шаарында 123407 шайлоочу катталган.

Ошондой эле тартип коргоо кызматкерлери коомдук коопсуздукту сактоо үчүн күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун билдиришинче шайлоо күнү Оштогу 73 жергиликтүү шайлоо бекетинин ар биринде 6-8 милиция кызматкери коопсуздукту көзөмөлгө алат.

4-марттагы Ош шаардык кеңешин шайлоого КСДП, КУДП, «Замандаш», «Улуттар биримдиги», «Адилеттүү Кыргызстан», «Республика» жана «Ата Мекен» партияларынан талапкерлер ат салышат. (BkA)

XS
SM
MD
LG