Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:51

Укук коргоочулар ММКда жарыяланган кабарга тынчсызданууда


Жарандык коомдун өкүлдөрү ММКлардын Кремлдин жашыруун булагына шилтеме берип, жарыялаган билдирүүсүнө тынчсызданууда. Укук коргоочулар кеңешинин мүчөсү Бурул Макенбаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, бул билдирүү эки өлкөнүн мамилесин салкындатчу атайын провокация болушу мүмкүн.

- Бул багыттагы анонимдүү билдирүү журналисттердин этикалык эрежелерине каршы келет. Эгер чынында эле ушундай билдирүү болсо, булактын ысымы жарыяланышы керек эле.

Кыргызстанда башка өлкөлөрдүн атайын кызматтары иштеп жатканын президент Алмазбек Атамбаев жергиликтүү каналдарга курган маегинде билдирген.

Мамлекет башчынын бул интервьюсуна байланыштуу Кремлдин атын атагысы келбеген жогорку даражалуу өкүлүнүн жообун Орусиянын РИА Новости маалымат агенттиги 1-мартта жарыялаган.

Орусия президентинин администрациясынын аты аталбаган өкүлү Атамбаевге “достор, кошуналар жана өнөктөштөр арасынан душман издегенден көрө, жакырчылыктан чыгуу жолдорун ойлонууну” сунуштаган. (BkA)

XS
SM
MD
LG