Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:50

Токмок: шайлоо жыйынтыгына нааразылар кайрадан митингде


Токмок шаардык мэриясынын алдына жекшембиде өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы тараптар кайрадан митингге чогулууда. Алардын катарында “Замандаш-Современник”, КСДП, “Ата Мекен” партияларынын өкүлдөрү бар. “Замандаш-Современник” партиясынын маалымат катчысы Константин Конкиндин Токмоктон “Азаттыкка” билдиришинче, алар шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып жатышат. Нааразы тарап кечээ да митингге чыккан.

Борбордук шайлоо комиссиясынын Токмок шаарындагы өкүлү Шамшыбек Кошоев учурда мыйзам бузуулар боюнча арыздар каралып жатканын, анын жыйынтыгы менен гана маалымат берилерин “Азаттыкка” билдирди.

БШКнын алдын ала маалыматы боюнча, 4-мартта Токмок шаардык кеңешке өткөн шайлоодо “Республика” партиясы алдыга чыккан. (KKs)

XS
SM
MD
LG