Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:45

8-мартта айрым жерлерде кар жаайт


Аба ырайын маалымдоочу борбордон билдиришкендей, 9-мартка чейин жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу автожолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Кар күрткүсү пайда болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо сунуш кылынат.

Аба ырайы:

Эртең Кыргызстандын аймагында түнкүсүн айрым жерлерде кар жаайт. Күндүз дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл облусунда жана тоолуу аймактардын айрым жерлеринде гана кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7 градус суук, күндүз 1…6 градус жылуу; Талас, Баткен облустарында түнкүсүн -3…-8 градус, күндүз 1…6 градус; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7 градус;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5 градус;
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7 градус;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25, күндүз -7…-12 градус; Тоолордо түнкүсүн -24…-29, күндүз -7…-12 градус суук болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5 градус суук, күндүз 4…6 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG