Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:20

Токмокто шайлоо жыйынтыгын колдогондор митингге чыкты


Токмокто жекшембидеги шайлоодо алдыга чыккан “Республика” партиясы менен “Биримдик” жана “Биздин шаар үчүн” шайлоочулар тобунун өкүлдөрү шаардык мэриянын алдына чогулуп, шайлоонун жыйынтыгын таануу талабын коюуда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Токмок шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Венера Исалиева билдирди. Анын айтымында, митингге чыккандар 4-марттагы шайлоо олуттуу мыйзам бузуусуз өткөнүн, мындан улам добуштарды кайра саноо зарылчылыгы жок экенин билдирүүдө. Укук коргоо кызматкерлери чогулгандардын санын 600дөн жогору деп баалоодо.

Эки күн мурда шайлоо бурмаланды деген топ митинг өткөрүп, анын жыйынтыгында аймактык шайлоо комиссиясы добуштарды 9-мартта кайра саноо тууралуу чечим кабыл алган.

Аймактык шайлоо комиссиянын төрайымы Элмира Жакыпованын “Азаттыкка” билдиришинче, бул чечимди “Республика” партиясы сотко берген. Бүгүн түшкү саат экидеги соттук жараяндан кийин добуштар кайра саналып-саналбашы белгилүү болмокчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG