Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:16

Каракол: Шайлоого нааразылардын митинги болбой калды


“Ысык-Көл облустук администрациясынын алдына койгон талаптарыбыз аткарыла баштады, ошондуктан бүгүнкүгө пландаштырган митингибизди токтото турууну чечтик”, - деп билдирди “Азаттыкка” Кыргызстан жаштар кеңешинин өкүлү Жеңиш Молдокматов.

4-мартта өткөн Каракол шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон аталган уюм шайлоону мыйзамсыз деп табуу, шайлоо комиссияларынын мыйзам бузган кызматкерлерин жоопко тартуу, жаңы шайлоо дайындоо жана нааразылык акция учурунда кармалгандарды бошотуу сыяктуу төрт талап койгон.

Молдокматовдун айтымында, талаптар 8-мартта коюлган, анын эртеси облус жетекчилиги жаштар менен келишим түздү. Кармалган эки бала бошотулуп, мыйзам бузган шайлоо кызматкерлерин жоопко тартуу аракеттери жасала баштады.

Шайлоонун расмий жыйынтыгын БШК азырынча чыгара элек. Алдын ала эсептөөлөр боюнча Социал-демократтар партиясы биринчи орунга чыкты. Андан соң “Республика” партиясы келе жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG