Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:46

Израилдин чабуулунан төрт палестиналык өлдү


Израилдик учактар Газа секторунун түштүгүндөгү Хан Юнус шаарынын четине урган соккудан кеминде төрт адам өлгөнү кабарланды. Алардын экөө палестиндердин “Ислам Жихади” куралдуу тобунун мүчөлөрү. Ошондой эле жардырууда мектеп окуучусу курман болгону маалымдалды. Израилдин билдиришинче, авиасокку Газадагы “курал сакталчу” жана ракета атчу жайларга урулган. Себеби, Газадан акыркы күндөрү Израилди көздөй 240тан ашуун ракета атылып, эки жаранды жарадар кылган.

Ракета чабуулун Вашингтон “коркоктук” деп сындады. Араб лигасы Израилдин авиачабуулун “кыргын” деп мүнөздөдү. БУУ, Евробиримдик жана Кытай тараптарды тынчтыкка үндөдү.

XS
SM
MD
LG