Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

Уу көмүр боюнча кылмыш иш кайра тергелет


Казакстандан ташылып келген радиациялуу көмүр боюнча кылмыш иш кайра тергөөгө жөнөтүлөт. Мындай чечим бүгүн Бишкектин Свердлов райондук сотунда кабыл алынды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. Тергөөнү кайра жүргүзүү өтүнүчү менен кечээ судья Инара Гилязетдиновага соттолуучу Рахматилла Туйгунов кайрылган.

"Кыргыз темир жол" ишканасынын санитардык-эпидемиологиялык станциясынын башкы дарыгери Майрамкүл Турдумамбетова жана ошол эле станциянын радиолог дарыгери Темиркул Эралиев уулуу көмүрдү текшербей өткөрүп жибергени үчүн айыпталып жатышат. Ал эми Бажы кызматынын "Энерго" бажы процедуралар бөлүмүнүн башчысы Эркин Байбачаев жана инспектору Рахматилла Туйгунов бажы көзөмөлүн туура эмес жүргүзгөнү үчүн айыпталууда.

Былтыр сентябрда Бишкек ТЭЦине Казакстандын Кулан кенинен 8,5 миң тонна көмүр келген. Анын радиациялык фону нормадан 8-10 эсе жогору экени аныкталып, көмүр ошо бойдон ТЭЦке жагылган эмес. Бирок ошондой эле уулуу көмүр Чүйдүн айрым айылдарындагы мектептерге, карылар үйүнө жеткирилгенин, ал жакта адамдар ооруй баштаганын укук коргоочулар айтып жатышат.

Уу көмүрдү кайрадан Куланга жеткирүү иши февралдын орто ченинде башталган, азырынча аягына чыга элек. (RK)

XS
SM
MD
LG