Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:22

17-мартка карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
16-19-мартта жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү болот жана жолдордо муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жолго чыккан унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо керек.

Аба ырайы
17-мартта мезгил-мезгили менен жаан-чачын күтүлөт, айрым жерлерде катуу жаайт. Тоолуу жерлерде жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 3...8,
Талас облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 2...7,
Баткенде түнкүсүн -1...+4, күндүз 4..9 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...+4, күндүз 4...9,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...-5 градус, күндүз 0...5,
Нарында түнкүсүн -5...-10, күндүз 0..-5,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -10..-15, күндүз -4...-9,
Тоолордо түнкүсүн -13...-18, ал эми күндүз -5..-10 болот.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыш тараптан шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0...2 градус жылуу, күндүз 5...7 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG