Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:20

Кыргызстанда аялдарга карата зомбулук күч алууда


Кыргызстанда аялдарга карата зомбулук боюнча кылмыштардын саны өсүүдө. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн жыйында айтылды. Акыйкатчы Турсунбек Акундун пикиринде, буга тиешелүү мамлекеттик органдардын саясый эркинин чабалдыгы жана мүмкүнчүлүктөрүнүн жетишсиздиги себеп болууда. Жыйындын соңунда аялдарга карата зомбулукка каршы биргелешип күрөшүү боюнча келишим кабыл алынды. Ага акыйкатчы жана бир катар министрлик өкүлдөрү кол коюшту.

Талкууга президенттин, парламенттин, прокуратура органдарынын өкүлдөрү катышты. Адам укугун коргоо багытында иштеген бейөкмөт уюмдар жана эл аралык эксперттер да чакырылган. Быйылкы жылды кыргыз акыйкатчысы Турсунбек Акун Кыздарды ала качууга жана аялдарга карата зомбулукка каршы күрөш жылы деп жарыялаган. (RK)

XS
SM
MD
LG