Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:55

Франция: белгисиз адам жөөттөрдүн мектебинде 4 адамды атып салды


Франциянын түштүк-батышындагы Тулуз шаарында мотоцикл минген белгисиз бирөө мектепке ок чыгарып, 4 киши набыт болду. Алардын үчөө өспүрүмдөр. Франциянын ички иштер министри Клод Геан күч органдарына өлкөдөгү жөөттөр мектептерин кайтарууну күчөтүү тапшырмасын берди. Мындан бир апта мурда мотоцикл минген бирөө 30 жаштагы десантты атып салган. Бейшемби күнү да ушундай эле окуядан улам 2 киши мерт кетип, бирөө жарадар болгон эле. Ушул окуялардын баары бири-бирине байланышы бар деп жоромолдонуп жатат.

XS
SM
MD
LG