Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:30

Саркози Тулуздагы окуяны “улуттук трагедия” деп атады


“Акылы кем адамдар, адам деген аты гана барлар ушундай жорука барышат” деди Франция президенти Николя Саркози. Бүгүн Франциянын түштүк-батышындагы Тулуз шаарында мотоцикл минген белгисиз бирөө мектепке ок чыгарып, 4 киши набыт болду. Алардын үчөө өспүрүмдөр.

Франциянын ички иштер министри Клод Геан күч органдарына өлкөдөгү жөөттөр мектептерин кайтарууну күчөтүү тапшырмасын берди. Мындан бир аптадай мурун мотоцикл минген бирөө 30 жаштагы десантты атып салган, бейшемби күнү дагы ушундай эле окуядан улам 2 киши мерт кетип, бирөө жарадар болгон эле. Ушул окуялардын баары бири-бирине байланышы бар деп жоромолдонуп жатат. Президент Саркози бул окуяны "улуттук трагедия" деп атады.

XS
SM
MD
LG