Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:50

Куба: "Ак кийимчен аялдар" Папага жолуктурулбайт


Кубанын бийликтери оппозициячыл Damas de Blanko (Ак кийимчен аялдар) уюмунун жекшемби күнү камакка алынган 70 мүчөсүн койо берди. Бирок “Ак кийимчен аялдар” уюмунун мүчөлөрүнө 26-28-мартта Рим-католик чиркөөсүнүн башчысы Папа Бенедикт XVI Кубага келгенде болчу диний зыяпаттарга катышпайсыңар деп эскертилди.

Уюмдун башчысы Берта Солер бийликтин эскертүүсүнө карабай, Папа өткөрчү ибадатка сөзсүз катышарын билдирди. Оппозициячыл уюм Папа Бенедикт менен Кубадагы адам укуктарынын абалын талкуулаганды каалайт. АКШ бийликтери Куба жетекчилигин оппозициячыл топтордун мүчөлөрүн “кодулоону жана кысымга алуу тактикасын” токтотууга чакырды.

XS
SM
MD
LG