Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:35

Президент Атамбаев кар көчкүдө калгандардын жакындарына көңүл айтты


Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев соңку күндөрү Ош жана Жалал-Абад облустарында табигый кырсыкта каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты.

Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, мамлекет башчысы жолдогон көңүл айтууда: “Акыркы күндөрдө Кыргызстаныбызда бир нече табият кырсыктары болуп кетти. Бишкек – Ош автожолунда кар көчкүсүнүн алдында калып каза тапкандар жөнүндө суук кабардын изи сууй электе, Кара-Кулжа районундагы Жан-Чукур участогунда, Алай районундагы Нура айылында жаш балдардын кар алдында калганы тууралуу кабар кабыргабызды кайыштырды. Урматтуу элим, каза тапкан адамдардын жакындары, ата-эне, тууган-туушкандары! Табият кырсыгы айттырбай келет экен. Кайрат кылыңыздар! Бул Сиздердин эле эмес, биздин да, жалпы элибиздин башына түшкөн кайгы. Орду толбос жоготуулардын арты кайрылуу болсун! Биз сиздер мененбиз!” деп айтылат.

17-20-мартта Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында кар көчкү тогуз адамдын өмүрүн алып кетти. Алардын төртөө 6-12 жаштагы балдар. (RK)

XS
SM
MD
LG