Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:02

Уу көмүр боюнча “Электр станциялары” жетекчисине айып тагылды


Казакстандын Кулан кенинен келген радиациалуу көмүр боюнча “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун жетекчиси Аман Тентиевге айып тагылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирүүдө. Аман Тентиев ишкананын кызыкчылыктарына каршы аракеттерди жасады деп айыпталууда. Мындан тышкары Бажы кызматынын бажы иштерин уюштуруу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Мирлан Аскар уулуна да шалаакылык беренеси боюнча кине тагылды. Бажы кызматкери азырынча буга жооп кайтара элек.

Аман Тентиев болсо уулуу көмүрдүн Кыргызстанга киришинде күнөсү жок экенин билдирип, көмүрдөгү радиациялык фон чек арада текшерилиши зарылдыгын билдирүүдө. Мындан тышкары жетекчи “Электр станциялары” ишканасы Бишкектеги жылуулук борборуна гана көмүр алып келгенин, Чүйдүн социалдык мекемелерине башка ишканалар көмүр ташыганын айтууда.

Буга чейин Энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиевге да уу көмүр боюнча айып тагылган. Натыйжада ал убактылуу кызматтан четтетилген. (KKs)

XS
SM
MD
LG