Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районундагы Жекенди айылында кар көчкү жүрүп, бир тургундун малын басып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт. 19-мартта саат 16:00 чамасында кар көчкү жүрүп, натыйжада Т. Садыкбаевдин короосун басып калган, короодогу болжол менен 150 баш майда жандыгы (койлор) жана эки баш музоосу көчкү астында калып кеткени кабарланууда. (RK)