Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:54

Бишкекте бильярд боюнча дүйнө чемпионаты башталды


22-мартта өлкө тарыхында биринчи ирет бильярд боюнча дүйнө чемпионаты Бишкекте башталды. Таймашка 16 өлкөдөн жүздөн ашуун спортчу катышууда. Дүйнө чемпионатын президент Алмазбек Атамбаев ачып, спортчуларга ийгилик каалады.

24-мартка чейин мыктыларды иргеп алуу таймашуулары Бишкектеги «Кондор» жана «Тагай би» бильярд клубдарына өтүп, финалдык беттешүүлөрү 25 -мартта Кожомкул атындагы спорт ордосунда болмокчу.

Дүйнө чемпионатынын байге кору 30 миң АКШ долларын түзүп, чемпион болгон спортчу 8 миң доллар акчалай сыйлыктын ээси болот. Кыргызстандын намысын Каныбек Сагынбаев баштаган 16 спортчу коргоп жатышат. (KMa/RK)

XS
SM
MD
LG