Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:54

Орусия: Сирияда тынчтык үчүн алгачкы кадамды Асад өзү жасашы керек


Хомс шаары - өкмөткө каршылык көрсөткөн күчтөрдүн негизги шаарларынын бири
Хомс шаары - өкмөткө каршылык көрсөткөн күчтөрдүн негизги шаарларынын бири
Сириянын жакын өнөктөштөрү арасында да өкмөткө жана президент Башар ал-Асадга карата нааразылык күчөй баштаганы айтылууда. Буга чейин Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде соңку бир жылдагы кыргын үчүн Сириядагы режимди айыптаган резолюция добуш берүүгө коюлганда, Кытай менен Орусия ага вето салып өткөрбөй коюшкан. "Кан төгүүлөр үчүн бир эле өкмөт эмес, оппозиция да жооптуу" деп билдиришкен болчу алар.

Азыр эми Сириянын ушул эки эңгезер колдоочусу өкмөттү тезинен атышууларды токтотуп, оппозиция менен сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырып жатышат.

Кечээ орус парламентинин Жогорку палатасы – Федерация кеңешинин – тышкы иштер комитетинин төрагасы Михаил Маргелов Сириядагы конфликт токтотулушу лаазым деп, ал үчүн алгачкы кадамды президент Башар ал-Асад өзү жасашы зарыл деди.

Бириккен улуттар уюмунун баасында, бул өлкөдө бир жылдагы өкмөттүк аскерлер менен куралчан оппозициянын атышууларынан 8000 ашуун адам мерт болду.

XS
SM
MD
LG