Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:10

Комиссия Пирматовду жоопко тартууга негиз жок деген тыянакка келди


Башкы прокуратуранын депутат Пирматовду кылмыш жообуна тартуу үчүн анын кол тийбестик макамын алуу боюнча сунушун караган депутаттык комиссия ишин бүгүн жыйынтыктады. Бул тууралуу "Азаттыкка" парламенттеги "Республика" фракциясынын маалымат катчысы Улан Исакбеков айтты.

Айрыкча юрист депутаттардан турган комиссия "Пирматовду жоопко тартууга негиз жок, Баш прокуратура тергөөнү бир жактуу жүргүзүүдө" деген тыянакка келди. Эми комиссиянын бүтүмү жалпы жыйында талкууланат.

Баш прокуратура Жогорку Кеңештин "Республика" фракциясынын депутаты Исхак Пирматов 2008-2010-жылдары Жалал-Абаддагы "Кыргызмунайгаз" ишканасын жетектеп турганда мамлекетке каржылык зыян келтирген деп эсептейт. Бул ишти тергөө үчүн депутаттын кол тийбестигин алууга парламенттин макулдугу керек болчу. Депутаттык комиссияга ар бир фракциянын экиден өкүлү кирген болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG