Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

Казакстан Кувейтке тамаша гимн үчүн нааразы


Расмий Астана Кувейттеги эл аралык спорттук мелдеш учурунда Казакстандын гимнинин тамаша варианты ойнолгонун “осол иш” деп атады. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги бул окуяны иликтөөнү талап кылып, жума күнү Кувейттин Тышкы иштер министрлигине телефон чалды.

Үстүдөгү аптада Кувейттеги мылтык атуу боюнча эл аралык мелдеште казакстандык спортчунун жеңишинин урматына комедиялуу “Борат” тасмадагы Казакстандын гимни ойнолгон. Казакстандык спортчулар эмне үчүн улуттук гимн ойнолбоду деп сураганда, Кувейт бийликтери эч кандай түшүндүрмө берген эмес.

XS
SM
MD
LG