Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:18

АКШнын мамкатчы жардамчысы Бишкекке келет


АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк Бишкекке иш сапар менен келет. Бул тууралуу АКШ мамлекеттик департаментинин сайтында кабарланды. 1-3-апрел күндөрү Блейк Бишкекте Кыргызстан жетекчилиги менен жолугушуп, аймактагы коопсуздук жана интеграция маселелери боюнча жыйынга катышат. Апрелдин алгачкы аптасында, бейрасмий булактардан маалым болгондой, Бишкекке Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жетектеген делегациянын да келиши күтүлүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG