Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:41

Бекешев: Ала качуу өтө оор кылмыш катары жазаланышы керек


"Кыз ала качуу - өтө оор кылмыш, адамдын эркиндигине кол салган кылмышкерлерди жазалоо үчүн 5-10 жылга эркинен ажыратуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жатам", - деди "Айкын багыт" коомдук фондунун сурамжылоосуна катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев.

Ал молдолорго расмий никеге турбагандарды никелөөгө тыюу салган мыйзам долбоорун кесиптештери колдобой койгонуна нааразы экенин, жигиттердин жана ата-энелердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин баса белгиледи.

Кыргыздын атактуу мырзаларынын арасында кыз ала качуу тууралуу пикирин билиш үчүн сурамжылоону "Айкын багыт" фонду жүргүзүп жатат. Фонд ала качуунун курмандыгы болуп өз өмүрүн өзү кыйган, зомбулукка кабылган кыргызстандык кыз-келиндер боюнча маалымат чогултат. Бул тууралуу "Азаттыкка" фонддун жетекчиси Мунара Бекназарова билдирди.

Буга чейинки сурамжылоого белгилүү кинорежиссер Нурбек Эген, саясат талдоочу Табылды Акеров, режиссер жана драматург Жаныш Кулмамбетов, кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров катышкан болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG