Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Атамбаев: "Манас" университети приоритет тармактарга көңүл бурушу абзел


"Манас" кыргыз-түрк университети адистерди даярдоосун Кыргызстан үчүн приоритеттүү делген экономикалык жана социалдык өнүгүү багыттарын эске алуу менен кайра карап чыкса болот. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Түркиянын өнүгүү министринин биринчи орун басары Кемал Маденоглу менен Бишкекте өткөн жолугушуусунда айтты.

Президент башка жогорку окуу жайлары менен окшош багыттар боюнча окутуунун ордуна Кыргызстан чынында эле өтө муктаж болуп жаткан адистерди даярдоо максатка ылайык экенин баса белгиледи. "Манас" университети жогорку сапаттагы билим алган, өлкөнүн өнүгүүсүнө зор салым кошкон адистерди даярдап жатканын кошумчалады.

Түрк тарап толугу бойдон каржылаган бул университетти ачуу тууралуу өкмөттөр аралык келишим 1995-жылы кабыл алынган. Студенттер катуу сынак аркылуу тандалат, бекер окушат. (RK)

XS
SM
MD
LG