Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:01

Оштун көчөлөрүнө санарип жолчырактар орнотула баштайт


29-мартта Ош шаарына санарип жолчырактар орнотула баштайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык бийликтин басма сөз кызматы билдирди. Түштүк борборго Орусиядан унаалар үчүн ылайыкталган 142 даана, жөө жүргүнчүлөр үчүн 80 даана жолчырак сатып алынды. Андан сырткары, жол коопсуздугун көзөмөлдөгөө дагы башка заманбап техникалык каражаттар келди.

Жаңы жолчырактарды сатып алуу мэрия менен ЮСАИДдин биргелешкен долбоорунун алкагында ишке ашууда. Ага 351 миң 970 доллар сарпталган.

Буга чейин мындай жолчырактар Бишкек жана Жалал-Абад шаарларына орнотулган. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG