Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:37

АКШ –Тажикстан аскерий кызматташтык маселесин талкуулады


Президент Рахмон АКШ генералы Маттис менен жолугууда. Дүйшөмбү, 31-март, 2012-жыл.
Президент Рахмон АКШ генералы Маттис менен жолугууда. Дүйшөмбү, 31-март, 2012-жыл.
АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Жеймс Маттис бүгүн Дүйшөмбү шаарында тажик президенти Эмомали Рахмон менен жолукту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тажик президенти буларды белгиледи:

- Тажикстан АКШ менен коопсуздук чөйрөсүндө, аймакта тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоодо мамилелери мындан ары да чыңдалышын көргүсү келет.

Америкалык кол башчы өз тарабынан Вашингтон Тажикстандын коопсуздук күчтөрүнө жардам берүүнү улантарын айткан.

Борбордук командачылыктын башчысы Жеймс Маттис Тажикстанга чейин Түркмөнстан менен Өзбекстанда болуп, бул өлкөнүн лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Тажикстан учурда АКШга Ооганстандагы күчтөрү үчүн аскерий эмес жүктөрдү алып өтүүсүнө мүмкүндүк берүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG