Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:31

Кофи Аннан БУУнун Коопсуздук кеңешине отчет берет


Сириянын президенти Башар Асад (оңдо) БУУнун чабарманы Кофи Аннандын тынчтык планын кабыл алганын билдирген, бирок аткара элек
Сириянын президенти Башар Асад (оңдо) БУУнун чабарманы Кофи Аннандын тынчтык планын кабыл алганын билдирген, бирок аткара элек
Бүгүн Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде ушул уюмдун жана Арап лигасынын Сирия боюнча атайын чабарманы Кофи Аннан өзүнүн тынчтык планына карата Сириянын өкмөтү кандай аракет көрүп жатканын айтаары күтүлүүдө.

Расмий Дамаск бул өлкөдө бир жылдан ашуун мезгилден бери уланып жаткан кан төгүүлөрдү токтотуш үчүн Аннандын планын кабыл алган. Ага ылайык, атышууларды токтотуп, шаарлардан оор согуштук техниканы чыгарып кетиши керек, гуманитардык миссияга жол ачып, журналисттерге иштегенге уруксат бериши абзел. Бирок президент Башар ал-Асаддын режими азырынча ал милдеттерин аткара элек.

Кечээ Стамбулда “Сириянын достору” деп аталган мамлекеттердин тобу чогулуп, Аннанга бул план качан кантип аткарылаары тууралуу убакытты белгилөөгө чакырышты. АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Асаддын режими андан аркы аракеттерин ыкчамдатышы зарыл деди.

"Биз Сирияда адам өлтүрүүнү тезинен токтотууга жана атайын элчи Кофи Аннанды кийинки кадамдардын графигин аныктоого чакырдык, - деди Клинтон. - Дүйнө бул талаптарынан кайтпайт. Ассад андан аркы кадамдарга барышы керек жана Сириянын эли өзүнүн өнүгүү жолун эркин тандаганга укуктуу болушу зарыл".

Ал арада Сирияда зомбулук дале улантылууда. Активисттердин айтымында, кечээ атышууларда 70 адам өлдү.

XS
SM
MD
LG