Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:24

Табалдиев: АКШ учкучу жок учактардан бериши мүмкүн


Бишкекте кыргыз тараптын АКШнын борбордук колбашчылыгынын башчысы Жеймс Мэттис менен өткөн жолугушуусунда Ооганстандагы антиттеррордук операциянын аяктоо мөөнөтү, ал жактагы курал-жаракты кайсы жол менен, качан алып чыгып кетүү пландары боюнча сүйлөшүү өттү.

Кыргызстандын коргонуу кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, Кыргызстан жардам иретинде Ооганстандан чыгарылып кете турган техниканын арасынан учкучу жок учуучу аппараттардан берүүнү сурады.

"Биздин жерибиз тоолуу. Ашууларды көзөмөлдөө оорураак. Эгер ошондой учактар берсеңер кыйла жеңил болот эле дедик. Мындай аппараттарды тоонун үстүнө учуруп, жерден атайын пульт менен башкарса болот. Ал кайсы бир жерде шектүү нерселерди байкаса, жерге маалымат берет. Ошого жараша аскерлер, чек арачылар керектүү чараларды көрүшөт", - деди Табалдиев.

Генерал Мэттис кыргыз тараптын бул өтүнүчүн АКШ карап көрүүгө даяр экенин айтты.

2001-жылдан бери Ооганстанда жүрүп жаткан антитеррордук операцияга катышуучу учактарды жана айрым аскер күчтөрүн Кыргызстандагы Транзиттик жүк ташуу борбору тейлеп келет. Ал борбор боюнча кыргыз-америкалык келишимдин мөөнөтү 2014-жылы аяктайт. Жэймс Мэттис Бишкекке АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардымчысы Роберт Блейкти коштогон ырасмий делегациянын курамында келди. (SJ/RK)

XS
SM
MD
LG